Эвглена балырлары

Википедия дан
Euglena sp.

Эвглена балырлары (лат. Euglenophyta) - микроскоптук кичинекей, бир клеткалуу көбүнчө кыймылдуу (1-2 шапалактуу). Айрым өкүлдөрү шапалаксыз, бирок денесинин ийилгичтиги менен кыймылга келет. Клетканын формалары түрдүүчө жана ал жылмакай чел кабык менен капталган, кээде жылаңач, формасын өзгөртүүгө жөндөмдүү. Ядросу бирөө, айрымдарында жашыл храмотофорлор болуп, фототрофтор катарында азыктанат. Ошондой эле хлорофиллсиз формалары да бар, алар сапрофиттик, же жаныбарлар сыяктуу азыктанышат, мителик түрлөрү да кездешет. Клетканын астыңкы бөлүгүндө кызыл көзчөсү (стигма) бар. Көбөйүү бөлүнүү жолу менен жүрөт.

Э. б. эң көп таркалган организмдердин группасына кирип, көбүнчө орг. заттарга бай тузсуз сууларда жана азыраак туздуу сууларда кездешет. Э. б-дын суудагы миксотрофтук азыктануусу суунун өз алдынча тазалануусуна (биринчи учурда) катышат. Бирок да эвгленалардын суудагы көп кездешүүсү суунун булгангандыгынын көрсөтүүчү (индикатору) болуп саналат.

Кыргызстандын шартында көлчүктөрдө, көлмөлөрдө, булганыч сууларды тазалоочу ишканалардын (очистное сооружение) сууларында өтө көп. Негизги өкүлдөрү: эвглена (Euglena), трахеломанас (Trachelomanas), факус (Phacus).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]