Эвенк автономия округу

Википедия дан

Эвенк автономия округу — Орусиянын жоюлган субъекти Аянты 767,6 миң км2. Калкы 16,9 мин (2007).

Чыгыш Сибирде жайгашып, 2007жылдын 1-январына чейин өз алдынча автономия округу болгон. Адм. борбору - Тура шаарчасы. 2005-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн референдумдун негизинде Краснояр крайынын курамына киргизилип, Эвенк району аталып калды. 1930-ж. негизделген.

Аймагын Орто Сибирь тайпак тоосу ээлейт. Январдын орточо темпрасы -30°...-40°С, июлдуку 15-20°С. Жылдык жаан-чачыны 350-400 мм. Башкы дарыялары - Төмөнкү жана Таштуу Тунгуска. Чарбасынын негизги тармактары куну промысели, бугу, жапайы айбанаттарды асыроо. Төмөнкү жана Таштуу Тунгускада кеме жүрөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]