Эволюционизм

Википедия дан

Эволюционизм - этнология илим катары калыптанган мезгилдеги (19-к. орто чендери) алгачкы илимий теория.

19-к. табият таануу илимдеринде объективдүү дүйнөдөгү өзгөрүүлөр ички мүмкүнчүлүктүн натыйжасында жүрөт деп ырастаган өнүгүү принциби түптөлүп жаткан. Өнүгүү принцибин кеңири колдонуудан натыйжасында эволюция идеясы пайда болгон жана ал табият таануу илиминде үстөмдүк абалды ээлей баштаган.

Белгилүү боло баштаган бул идея калыптанып жаткан этнология илимине да өз таасирин берген. Эволюциялык багыттагы алгачкы окумуштуулар башкы милдет катары маданияттын өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып берүүнү милдет катары коюшкан. Эволюционизмдин жактоочулары: Англияда - Г. Спенсер, Э. Тайлор,Дж. Фрэзер, Германияда - А. Бастиан, Т. Вайнц, Г. Шурц, Францияда - Ш. Летурно, АКШда - Л.Г. Морган сыяктуу изилдөөчүлөр болушкан.

Эволюциялык багыттын пайда болушу менен этнологиянын илим катары калыптанышы аяктаган. Эволюциялык.мектел коомдун алга карай өнүгүү идеясын жетекчиликке алып, адамдын, анын маданиятынын өнүгүшүнүн алгачкы концепсиясын түзгөн. Эволюдионизмдин негизги идеялары төмөнкүлөр:

  • - адамзаттын теги бир; бардык адамдардын акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү бирдей; жашаган аймагына карабастан адам маданиятынын өнүгүүсү биримдикте жүрөт жана бир түргө ээ;
  • - адам коому дайыма өсүүдө, тагыраак айтканда, жөнөкөйдөн татаалга өтүп турат; маданият да тынымсыз өзгөрүүлөрдүн - сандык көбөйүүнүн жана азаюунун натыйжасы;
  • - маданият элементтеринин өнүгүшү башынан эле алдын ала аныкталган; маданият көп баскычтуу өнүгөт; маданият баскычтары жана стадиялары бүт дүйнөдөгү маданияттар үчүн бирдей;
  • - түрдүү элдердин жана алардын маданиятынын өнүгүшүнүн бирдей стадиялары бирдей натыйжаларды берет;
  • - коомдун өнүгүүсү жандуу жаратылыштагы сыяктуу эволюция мыйзамдарына баш ийет;
  • - элдердин маданий айырмачылыгы өнүгүүсүнүн ар түрдүү баскычтары менен шартталган.

Эволюционисттердин ою боюнча бардык элдер бир жол менен өнүгөт жана алардын жетер жери европалык маданият менен цивилизация. Мындан европалыктардын колониялаштыруусу дүйнө элдерин европалыктардын маданиятына жеткирет деген актоочу ой жаралган. XIX к. аягына карата жыйналган жаңы этнографиялык материалдар аларды түшүндүрүүдө эволюционисттик теориянын алсыз экендигин көрсөттү. Аларды түшүндүрүү үчүн изденүүлөр этнология илиминде жаңы багыттардын, мектептердин пайда болушуна алып келди. Алар антиэволюционисттик багытка ээ болушту.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.