Эволюциянын изилдөө усулдары

Википедия дан

Эволюциянын изилдөө усулдары - эволюцияны изилдөө усулдары көп түрлүү. Алар жылдан жылга жаңыланып, терең изилденүүдө. Эволюциянын ар түрдүү усулдарды колдонгондугунун себеби, алар бири бирин толуктап турат. Алар:

1.Палеонтол. усулдар – казылып алынган формалар, филогенездик катарлар жана кен байлык формалардын кезеги менен изилдейт.

2.Биогеографиялык усулдар – биогеографиялык райондорду, жакын формалардын таралыштарынын өзгөчөлүктөрүн, организмдердин таралышынын түрлөрүнүн жардамы менен изилдөө.

3.Морфол. усул – салыштырма анатомиялык , гистол. маалыматтарды колдонуу менен изилдейт.

4.Эмбриол. усул – түйүлдүктүн өөрчүшүн, айрым түрлөрдүн түйүлдүктөрүнүн түзүлүшүн жана өөрчүшүн салыштыруу менен изилдейт.

5.Систематикалык усул – организмдерди классификациялоо жолу менен изилдейт. Б.а. организмдердин филогенетикалык системасын түзөт.

6.Экол. усул – бардык эволюциялык процесс адаптациогенез кубулушу болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир тарыхый этаптагы организм менен чөйрөнүн байланышын, өз ара таасир этүүлөрүн изилдөө абзел.

7.Генет. жана селекциянын усулдары – тажырыйба жолу менен микроэволюциянын багытын, себебин, механизмин жогоруда аталган илимдердин усулдары менен ачуу.

8.Молекулалык биол-нын усулдарынын жардамы менен орг. дүйнөнүн өөрчүсүн молекулалык деңгээлде изилдөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]