Эвтаназия
Эвтаназия (гр. eu – жакшы жана thanatos – өлүм) – кайрымдуулук менен өлтүрүү, бул катуу ооруган жана айыкпас оорулардан жапа чеккен адамдарды, азаптан арылтуу максатында, бейтаптын суранычы менен оорутпай өлтүрүү деп аталат. Көпчүлүк укуктук тутумдарда бул үчүн атайын жобо жок болгондуктан, ал адатта суицид (эгерде бейтап өзү жасаган болсо) же киши өлтүрүү (эгер башка тарабынан жасалган болсо) деп эсептелет[1]. Дарыгерлер, бирок, мыйзам чегинде, өтө кыйналганда өмүрдү узартпоо чечимин кабыл алышы мүмкүн жана оорулуунун өмүрүн кыскарткан күндө дагы, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди колдонушат.
Түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Активдүү жана пассивдүү эвтаназия
Активдүү эвтаназия менен, адам бейтаптын өлүмүнө түздөн-түз жана атайылап себеп болот. Пассивдүү эвтаназияда алар түздөн-түз бейтаптын өмүрүн алышпайт, анын өлүмүнө жол беришет.
Активдүү эвтаназияда өлүм кандайдыр бир аракеттен улам келет, мисалы, адамга катуу ооруну басаңдатуучу дары берип өлтүрүлгөндө. Ал эми, пассивдүүдө кимдир бирөө адамдын өлүмүнө жол берет. Бул дарыланоодон баш тартуу болушу мүмкүн[2].
- Өзүн өзү өлтүрүүгө көмөктөшүү - бул дарыгердин зарыл болгон каражаттарды же маалыматтарды берүү менен бейтаптын өлүмүнө жардам бериши. Мисалы, дарыгер өлүмгө алып келген дарыны даярдап берет, ал эми бейтап өзү ошол дарыны ичет[3].
- Ыктыярдуу жана ыктыярсыз эвтаназия
Ыктыярдуу эвтаназия катуу ооруп жаткан бейтаптын суранычы менен жасалат.
Ыктыярсыз эвтаназияда эс-учун жоготкон же акыл-эси өтө төмөн адамдарга, кичинекей бөбөктөргө, жашоо менен өлүмдүн ортосунда маанилүү тандоо жасай албай калганда. алардын атынан тиешелүү адам (кам көрүүчү же жакын туугандары) чечим кабыл алат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Эвтаназия" термини Фрэнсис Бэкон тарабынан киргизилген жана ал мындай деген: "дарыгердин милдети ден-соолукту калыбына келтирүү гана эмес, ошондой эле оорулардан улам келип чыккан азапты жеңилдетүү... куткарылууга үмүт жок болсо да, өлүмдүн өзүн жеңилирээк жана бейпил кылса болот, анткени бул эвтаназия ... өзүнчө эле чоң бакыт ".
1930-жылдары жана Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда эвтаназия фашисттик Германия тарабынан дискредитацияланган, ал майып адамдарга (анын ичинде балдарга) жана психикалык жактан оорулууларга карата ушул ыкманы колдонгон.
Эвтаназияны активдүү коргогондордун бири америкалык дарыгер Джек Кеворкян же “Өлүмдүн доктору” болгон. 1950-жылдары ал өлүм жазасына кесилген туткундарга оору тартпашы үчүн, аларга анестезия колдонууну сунуш кылган. Ал эми, 1989-жылы Кеворкян адамдын канына анальгетиктер жана уулуу заттардын өлүмгө алып келген дозасын куя турган мерситрон - "өзүнө кол салуу машинасын" курган. Анын биринчи пациенти Альцгеймер оорусунан жабыркаган мугалим Жанет Аткинс болгон. Кийинки сегиз жылда Кеворкяндын "машинасынын" жардамы менен 130 бейтап каза болду[4].
Мыйзамдуу эвтаназия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2002-жылы Нидерланды эвтаназияны мыйзамдаштырган биринчи өлкө болгон. Ошол эле учурда, эвтаназия катуу шарттар топтому менен корголот: бейтап айыккыс, чыдагыс ооруга чалдыгып, сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбошу керек. Ал толугу менен акыл-эси жайында болуп, өлгүсү келип жаткандыгын билдирип, белгилүү бир убакытка чейин ушул нерсени талап кыла бериши керек.
2002-жылы Бельгия Нидерландыдан кийин эвтаназияны мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алган. Эвтаназия мыйзамга ылайык, дарыгерлер бейтаптарды узак убакыт бою карап турганда гана, алардын өлүмүнө жардам беришет. Бейтаптар Бельгиянын жараны болуп, өлкөдө туруктуу жашашы керек. 2012-жылдын февраль айында Бельгия балдар үчүн эвтаназияны мыйзамдаштырган биринчи өлкө болуп калды: Нидерландырдан айырмаланып, мыйзамда бейтаптар өлүм талап кыла турган минималдуу жаш курагы көрсөтүлгөн эмес[5].
Америка Кошмо Штаттарында өзүн-өзү өлтүрүүгө көмөктөшүүгө уруксат берүү же бербөө жеке штаттардын колунда. Натыйжада, төрт штатта (Орегон, Вашингтон, Вермонт жана Монтана) буга уруксат берилген, бирок өлкө боюнча мыйзамсыз бойдон калууда.
Ошондой эле, Люксембург, Швейцария жана Колумбияда да мыйзам чегинде уруксат берилген.
Эвтаназия Кыргызстанда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамы 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Эвтаназия - айыкпас ооруга чалдыккан адамдын атайын оорутпоочу каражаттардын, анын ичинде жашоону кармап туруу боюнча жасалма чараларды колдонууну токтотуу аркылуу врач менен макулдашкан ыктыярдуу өлүмү.
40-статья. Эвтаназияга тыюу салуу
Медициналык кызматкерлерге эвтаназияны жүзөгө ашырууга - оорулуунун өзүнүн өлүмүн кандайдыр бир иш-аракеттер же каражаттар менен, анын ичинде жашоосуна көмөк көрсөткөн жасалма чараларды токтотуу менен тездетүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууга тыюу салынат. Оорулууну аң-сезимдүү түрдө эвтаназияга түрткөн жана (же) эвтаназияны жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат[6].
КРнын жазык кодекси 34-берене. Боорукердиктен киши өлтүрүү (эвтаназия)
Курман болгондун көптөн-көп өтүнүчү боюнча жана анын чыныгы өз эркине ылайык, өлүм алдында жаткан адамды жанын кыйнаган катуу оорудан кутултуу максатында өлтүрүү, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат[7].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
- ↑ https://www.britannica.com/topic/euthanasia
- ↑ http://www.bbc.co.uk/ethics/euthanasia/overview/forms.shtml
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 24 -март (жалган куран) 2021. Түп булактан архивделген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2021.
- ↑ https://futurist.ru/articles/1439-evtanaziya
- ↑ https://www.bbc.com/russian/society/2015/09/150911_euthanasia_countries_legal
- ↑ http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1602/145?cl=ky-kg&mode=tekst
- ↑ http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111527/50?cl=ky-kg&mode=tekst