Эгембердиева Аида (Айгүл)

Википедия дан

Эгембердиева Аида (Айгүл) – акын, филология илимдеринин доктору.

1975-жылдын 3-апрелинде Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн. Түп районунун Токтоян айылында мектеп босогосун аттап, 1992-жылы Бишкек шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мектеп гимназиясын (азыркы профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи) аяктап, ошол жылы болуп өткөн Республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты боюнча биринчи орунду алгандыгына байланыштуу Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине сынаксыз өткөн. Ж.Баласагын атындагы ошол КУУнун кыргыз филологиясы факультетин (1996), анын магистратурасын (1998), КР УИАнын аспирантурасын (2001) бүтүргөн. “Издеткен жарык” (1996), “Шүүдүрүм” (1998), “Белгисиз жомок” (2002), “Үнсүз кайрыктар” (2005), “Аян” (2010), “Оомат” (2019)  аттуу поэтикалык жыйнактардын жана адабият таануу, манастаануу, этнография, антропология жаатындагы бир нече изилдөө жана окуу китептеринин автору.

Ал которгон Л.Кэрроллдун “Кызыктар өлкөсүндөгү Алисанын укмуштуу окуялары” 2016-жылдын 1-сентябрында биринчи жолу Ирландиядан кыргыз тилинде, 2017-жылы Бишкектен китеп болуп чыккан. Ф.Кафка, С.Есенин, М.Цветаева, Б.Ахмадулина, С.Капутикян, Ф.Годжа, Р.Меджид, Л.Арбачакова, М.Шокан, Л.Алиева ж.б. чыгармаларын кыргызчалаган, акыркы үч акындыкы өз алдынча китеп катары жарык көргөн (“Шория кайрыктары”, 2019; “Түнкү лирика”, 2019; “Кудайдын үнүн уккум келет...”, 2020). Өзүнүн ырлары менен изилдөөлөрү орус, англис, түрк, фин, казак тилдерине которулган.

КР Улуттук Жазуучулар союзунун (1997), Борбордук Азиялык ПЕН-клубдун (2007) мүчөсү. КР Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты (2003), КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын (2018), КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” (2019), КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” (2019) төш белгилеринин  ээси. Филология илимдеринин доктору (2013). Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын жетектейт. Д 10.20.616 Диссертациялык кеңешинин мүчөсү. Өзү 10.00.01 – кыргыз адабияты адистиги боюнча илимдин бир кандидатын чыгарган. Жетекчилик кылып келаткан бир нече аспиранттары бар.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Издеткен жарык: Ырлар. – Каракол, 1996 – 51 б.
  • Шүүдүрүм: Ырлар. – Б.: Сорос-Кыргызстан фонду, 1998. – 40 б.
  • Турар – көрөңгөлүү акын: Монография. – Б.: Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору, 2000. – 175 б.
  • Белгисиз жомок: Ырлар. – Б.: Текник, 2002 – 138 б.
  • Манасчы жана мезгил: Изилдөө. – Б., 2005 – 104 б.
  • Үнсүз кайрыктар: Ырлар. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. – 79 б.
  • Жылдар үнү: Изилдөөлөр, ойлор, байкоолор. – Б., 2006 – 72 б.
  • Аян: Ырлар. – Б.: Аят. 2010.
  • Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү: Монография. – Б., 2012.
  • Адабият жана дүйнөтааным (магистранттар үчүн окуу-методикалык колдонмо). – Б., 2019.
  • Алисанын Кызыктар Өлкөсүндөгү укмуштуу oкуялары – Alisanın Kızıktar Ӧlkösündögü ukmuştuu okuyaları: Alice's Adventures in Wonderland in Kyrgyz (Kirghiz) Paperback – 1 Sep 2017 by Lewis Carroll (Author), John Tenniel (Illustrator), Aida Egemberdieva (Translator). Эвертайп, Ирландия.
  • Кэрролл Л. Алисанын Кызыктар Өлкөсүндөгү укмуштуу oкуялары: Көркөм котормо. – Б.: Турар. 2018. – 96 б.
  • Арбачакова Л.Н. Шория кайрыктары: Көркөм котормо.  – Б.: Турар, 2019. – 124 б., 7,75 б.т.
  • Оомат: Ырлар. – Б.: Улуу тоолор. 2019.
  • Шокан М. Түнкү лирика: Көркөм котормо. – Б.: Улуу тоолор. 2019. – 108 б., 6,75 б.т.
  • Алиева Л. Кудайдын үнүн уккум келет... [Текст] – Хочу услышать Бога... – Б.: Турар, 2020.

Түзгөн китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Карагулова Р. Жаңырык. – Б.: Улуу тоолор. – 2017. – 456 б.
  • Шиваза Я. Жазында... – Б.: Оптима техноложис. – 222 б.
  • Мигранттар поэзиясынын антологиясы. – Б.: Гүлчынар. 2021. – 304 б.
  • Момунова Г. Улуу кыргыз. – Б.: Алтын тамга. 2021. – 376 б.
  • Момунова Г. Келдиңби, сүйүү... – Б.: Алтын тамга. 2022. – 222 б.

ТҮЗҮШКӨН КИТЕПТЕРИ ЖЕ НЕГИЗГИ ЧЕКТЕШ ЭМГЕКТЕРИ:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде [Текст] - Б.: “Айгине” МИБ. 2007. – 506 б. - 31,8 б.т. (Г.Айтпаева ж.б. менен авторлоштукта);
  • Мурастаануу. – Б., 2008 (Г.Айтпаева ж.б. менен бирге);
  • Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр [Текст] - Б.: “Айгине” МИБ. 2009. – 420 б. – 26,25 б.т. (Г.Айтпаева ж.б. менен бирге);
  • Святые места Иссык-Куля: паломничество, дар, мастерство [Текст] - “Айгине” МИБ. 2009. 432 б. – 26,87 б.т.;
  • Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде. Экинчи басылыш. [Текст] - Б.: “Айгине” МИБ. 2010. – 508 б. - 31,8 б.т. (Г.Айтпаева ж.б. менен бирге).
  • Жалал-Абаддагы ыйык жерлер жана эл даанышмандыгы [Текст] - Б.: “Айгине” МИБ. 2010. – 510 б. - 31,8 б.т. (Г.Айтпаева ж.б. менен бирге);
  • Оштогу ыйык жерлер жана эл билими [Текст] - Б.: “Айгине” МИБ. 2009. – 232 б - 29 б.т. (Г.Айтпаева ж.б. менен бирге); Кыргыз өзөгү. Руханий өзүн-өзү сактоо жана өнүгүү ыктары (Кыргызская матрица. Механизмы духовного самосохранения и развития) – Б., 2012 (авторлоштукта).
  • 100дөн ашык илимий макаланын автору (ичинде энциклопедия үчүн жазылгандарды кошкондо).

адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]