Эгембердиев, Абдыжапар

Википедия дан

Акын Абдыжапар Эгембердиев Түп районундагы Токтоян айылында 1951-жылы 15-августа туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин жана Ташкент саясат жана башкаруу институтунун журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштап, бир катар жылдар Ак-Талаа райгезитинин редакторунун орунбасары, партиянын Ак-Талаа жана Ак-Суу райкомдорунун саясий агартуу кабинеттеринин башчысы, партиянын Ысыккөл обкомунун саясий агартуу Үйүнүн консультанты, Түп райондук гезитинин редактору, облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинин башкы редакторунун орунбасары, башкы редактору, партиянын Ысык-Көл обкомунун сектор башчысы, республикалык «Мугалимдер газетасы» жана «Учитель Киргизстана» гезиттеринин башкы редактору, Ысык-Көл облмамадминистрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Учурда облустук «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин башкы редактору.
А.Эгембердиев 1987-жылдан СССР Жазуучулар жана 1978-жылдан Журналисттер союздарынын мүчөсү. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 1995-жылы «Манас – 1000» эстелик медалы менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (2006), Россиянын эл аралык коомдук «Добрый ангел мира» сыйлыгынын лауреаты (2007).
«Өлбөгөн жанга жаз келет» деген китебине Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган (2008).

. 13.11.2019 жылдан баштап Кыргызстандын эл акыны!

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күндүн ыры: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 28 б.

Чакырымдар: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 88 б.

Арман дүйнө: Ырлар ж-а чакан поэмалар. – Каракол, 1994. – 80 б.

Бүтпөс кыймыл: Ырлар, чакан поэмалар. – Б.: Эркинтоо, 2004. – 160 б.

Айлуу дөң: Ырлар, чакан поэмалар, – Б.: Дакс, 2005. – 120 б.

Өлбөгөн жанга жаз келет: Ырлар, чакан поэмалар, публицистикалар, ой толгоолор. – Б.: Дакс, 2007. – 192 б.