Эгиздик метод

Википедия дан

Эгиздик метод - адамдын генет-сын изилдөөчү эң алгачкы методдордун бири, бирок өзүнүн маанисин, ал азыркы мезгилде да жоготкон жок. Эгиздик усул илимге алгач Ф. Гальтон киргизген. Ал эгиздерди эки топко: бир жумурткалык (монозиготтук) жана эки жумурткалык (дизиготтук) эгиздерге бөлгөн. Бир жумурткалык эгиздер бир уруктанган жумурткадан бөлүнгөн бөлүкчөлөрдөн өөрчүп чыгышат, ошондуктан алардын генотиби 100 % бирдей болушат. Бир жумурткалык эгиздер куюп койгондой окшош болушат. Алар бирдей жыныста болушат.

Эки жумурткалык эгиздер бир мезгилде уруктанган эки жумурткадан өсүп чыгышат, ошондуктан алардын генотибинин бирдейлиги 50 %. Мындай эгиздер бирдей жыныстуу же ар башка жыныстуу болуусу мүмкүн, алардын окшоштугу бир туугандардай болушат.

Эгиздик усул адамдын генет-сында, тигил же бул белгилердин өөрчүшүнө, тукум куугучтуктун жана чөйрөнүн тийгизген таасиринин деңгээлин, билүү үчүн колдонулат. Мында бир жумурткалык жана эки жумурткалык эгиз түгөйлөрдүн белгилеринин окшоштуктары жана айырмачылыктары изилденет.

Эгерде тигил же бул белги, оору бир жумурткалык жана эки жумурткалык эгиз түгөйлөрдө, бирдей байкалса, окшош болсо (конкорданттуулук болсо), анда бул белгинин өөрчүшүнө чөйрө таасир этет деп эсептелет; анткени мында бир жумурткалык жана эки жумурткалык эгиздердин генотиби ар түрдүү.

Эгерде тигил же бул белги (оору) эки жумурткалык эгиз түгөйлөрдө бирдей, окшош болбосо (дисконкорданттуулук), ал эми бир жумурткалык эгиз түгөйлөрдө окшош болсо (конкорданттуулук), анда бул белгинин өөрчүшү генотипке көзкаранды деп эсептелет; анткени бир жумурткалык эгиз түгөйлөрдүн генотиби бирдей болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]