Эгирин

Википедия дан
Эгирин

Эгирин (байыркы скандинавиялыктардын деңиз кудайы Эгирдин ысмынан) - жегичтүү силикаттар классчасынын пироксендер тобундагы тоо тек пайда кылуучу минерал, NaFe3+(Si206).

Кошундулары: А1203 (<6%), ТЮ2 (<0,25%), Nb205, MnO, ВеО, Zr02, кээде V203, SrO, Та205. Моноклин системасында кристаллданат. Кристаллдары призма же ийне сымал. Өңү ачык жашылдан күңүрт жашылга чейинкилери кездешет, айрымдары күрөң, кара күрөң (акмит), түссүз. Айнек сымал жылтырайт. Четтери же жука сыныгы тунук. Морт, катуулугу 6-6,5, тыгыздыгы 3,5-3,54 г/см3. Нефелендүү сиениттин курамында ортоклаз, эвдиалит, апатит, щелочтуу граниттерде альбит, циркон менен бирге кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4