Эгүү

Википедия дан
Эгүү.

Эгүү, үрөн себүү - үрөндү өнүп чыгышы үчүн топурактын үстүңкү катмарына жайгаштыруу; эң маанилүү агротехникалык ыкма.

Эгүү ыкмасы айыл чарба өсүмдүгүнүн азыктануу аянтына, жарыкты, нымды керектешине, өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартууну ж. б. механикалаштырууга жараша тандап алынат. Эң жөнөкөй ыкма кол менен чачып себүү. Мында кол менен себилген үрөн малаланган топуракка ар кандай тереңдикте көмүлгөндүктөн, айдоонун үстүнө тегиз өнүп чыкпайт. Катарлап себүү (катар аралыгы 20-25 см, көбүнчө 15 см) негизинен эгин Эгүүдө колдонулат. Сепкич үрөндү жөөктүн түбүнө катарлап таштап, жумшак топурак менен көөмп кетет. Бул учурда өсүмдүк тегиз чыгат. Кууш катарлап же кайчылаш себүүдө үрөн аянтка тегиз себилет. Кеңкатар себүү (катар аралыгы 25 см ) отолмо өсүмдүк (жүгөрү, кант кызылчасы, күн карама, кара күрүч, азык тамырлуу өсүмдүктөр ж. б.) өстүрүүдө колдонулат. Сабиз, шалгам, чамгыр ж. б. тилкелеп эгилет. Тилке аралыгы 45 - 60 см, тилкедеги can аралыгы 15 см болот. Чөнөктөп Эгүүдө ар бир чөнөккө бир нече үрөн түшөт. Эгерде чөнөк кайчылаш жайгашса, чарчылап-чөнөктөп Эгүү деп аталат. Мындай чарчынын ар бурчуна бирден үрөн түшүп, өсүмдүктүн катар аралыгы эки багытта жумшартылат. Аттатып пунктирлеп себүүдө белгиленген аралыкка бирден үрөн жайгашат. Кар аз жаап, кышы суук жерлерде күздүк эгин жөөктөп, өтө нымдуу жерлерде кырдап себүү ыкмасы колдонулат. Өрүндү себүү мөөнөтү климат, жер шартына, өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша тандалат. Мис., жүгөрү Чүй өрөөнүндө апрелдин аягы - майдын башында, Ысык-Көлдө майдын экинчи жарымында эгилет. Үрөн өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө, топурактын механикалык курамына жараша түрдүү тереңдикте (мис., жүгөрү 10-12 см, эгин 4-6 см) себилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4