Эдвард Виттен

Википедия дан
Эдвард Виттен.

Эдвард Виттен (англ. Edward Witten, айтылышы: /ˈvɪtən/; 1951-жылы 26-август) – америкалык физик-теоретик жана Принстондогу (Нү-Жерси) Перспективдик изилдөө институтунун математикалык физика илиминин профессору.

Виттен кылдар теориясынын, кванттык гравитация, суперсимметриялык квант талаа теориясынын жана математикалык физиканын башка тармактарынын изилдөөчүсү.

Физика илимине кошкон салымына кошумчалуу Виттен теориялык математикага да чоң таасирин тийгизген. Виттен 1990-жылы Эл аралык математика уюмунун Филдс сыйлыгына татыган эң биринчи физик окумуштуусу болгон. 2004-жылы Time журналы Виттен дүйнө жүзү бою эң билимдүү физик-теоретиги болуп эсептелгенин жарыялаган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виттен 1990-жылы Эл аралык математика уюмунун Филдс сыйлыгына татыган эң биринчи физик окумуштуу болгон.

Атьянын кайрылуусунда эскерилген үчүнчү тармагы Виттендин суперсимметрия жана дифференциацияланган функция түшүнүгүнүн колдонуусу менен ар түрдүүлүктүн топологиясын изилдеген Морс теориясы деп аталган математиканын тармагы менен байланышкан эмгеги болгон. Виттендин изилдөөсү Морс теңсиздигинин классикалык натыйжасынын физикалык дилилдөөсүн берген, окумуштуу теорияны суперсимметрикалык квант механикасы аркылуу чечмелеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]