Эдинбург университети

Википедия дан
Эдинбург университети.

Эдинбург Университети (англ. University of Edinburgh; Кыскача пост-номиналдык Эдин) - 1582-жылы негизделген, англис тилдүү дүйнөдө алтынчы байыркы университети жана Шотландиянын байыркы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Тарыхый Олд Таундагы көптөгөн байыркы имараттар ага таандык.

QS рейтинги боюнча 2014-15 жана 2015-16-жылдары дүйнөдөгү окуу жайлардын арасында 17- жана 21-орунду ээлеген. Ал эми 2016-17-жылкы QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү окуу жайлар тизмегинде 19-орунда турат. Ал өкмөт тарабынан колдонулган изилдөө рейтингинде мыкты изилдөө жүргүзүүсү менен 4-орунда турат, жана ошондой эле Компьютер жана информатикадан 1-орунга ээ болгон. Ал 2015-16 Times Higher Education тизмеси менен көркөм өнөр жана гуманитардык багыттар боюнча дүйнөдө 16-орунда турат. Ал 2015-жылы 2015 Global Employability University Ranking тизмесинде жумуштуулугу боюнча 23-орунду ээлеген. Андан тышкары АКШда дүйнөдөгү мыкты окуу жайлар рейтингинги боюнча Европадагы алтынчы мыкты окуу жайы катары эсептелинет. Ал Рассел тобунун жана Европалык изилдөө ЖОЖдор лигасынын (Европадагы 21 изилдөө университет консорциуму) мүчөсү болуп саналат. Улуу Британиядагы Кембридж жана Оксфорд университеттеринен кийинки үчүнчү ири салым кошуучу окуу жай болуп эсептелинет.

Британияда төртүнчү белгилүү окуу жайлардын бири, анткени ага жыл сайын 50000 окуу жайга кабыл алуу жөнүндө арыз тапшырылат. Шотландиядагы окууга кабыл алуусу оор болгону боюнча Сент-Эндрюстан кийинки орунда турат, ал эми Улуу Британия боюнча 9-орунда турат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]