Эдуардо Де Филиппо

Википедия дан

Де Филиппо Эдуардо (өз аты-жөнү - Пассарелли) (24. 5. 1900-ж. т.) - италян драматургу, актёр, режиссёр жана театр ишмери.

11 жашынан сценада ойногон. Адабий ишмерлиги 1926-жылдан башталат. 1931-ж. труппа уюштурат. Бир нече инсценировка менен пьесалардын автору. 1932-жылдан киноактёр. 1945- 61-ж. жазылган «Миллионер Неаполь», «Менин үй-бүлөм», «Филумена Мартурано», «Ишемби, жекшемби, дүйшөмбү» ж. б. пьесаларында карапайым италиялыктардын тагдырын, оор )трмушун көрсөтөт. Анын пьесалары көп өлкөлөрдө коюлду. Ал - өз комедияларындагы ролдордун чебер аткаруучусу катары да таанымал. 1962-ж. Де Ф. труппасы СССРде гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.