Эканит

Википедия дан

Эканит - щелочтуу жанар тоо тектеринин акцессор минералы, Ca2ThSi8O20.

Кошундулары; U, Fe, Pb, А1, Mn, Pb, Mg. Щелочтуу магма тектери менен акиташтын чектешкен зонасында пайда болот. Аллювий кен чачындыларында (сейрек) чароит, микроклин, кварц, кальцит, флюорит, гранат ж. б. менен чогуу кездешет. Кошундуларына жараша ачык жашыл түстөн күңүрт жашылга чейинкилери, ошондой эле күңүрт кызылдары кездешет. Тунук, айрымдары анча тунук эмес. Айнектей жылтырайт.

Морточо Катуулугу 4,5, тыгыздыгы 3,08 г/слг3. Андан минералдын кристаллдык торчосу убакыттын өтүшү менен бузулат. Кристаллдарынын (көпчүлүгү бүртүк түспөлдүү) өлчөмү 1 cjure чейин жетет. Э. - сейрек жана кооз асыл таш, бирок радиоактивдүүлүгү жогору (Th альфа нурдануусун бөлүп чыгарат) болгондуктан, аз пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4