Экватор алкагы

Википедия дан

Экватор алкагы – жердин экватор сызыгынын эки жагында (5–8° түн. жана 4–11° түш. кеңдиктеринин аралыгында) жайгашкан географиялык алкак. Ага абанын дайыма жогорку темп-расы (айлык орт. темп-расы 24–28°С), жаан-чачындын жыл бою бир калыпта арбын жаашы (1500–3000 мм, айрым жерлеринде 10 миң ммге чейин), био-хим. жана геоморфологиялык процесстердин ургалдуу жүрүшү мүнөздүү. Климаттык сезондор анча айырмаланбайт; агын сууларга бай; күлдөшкөн латериттик топурактар мүнөздүү. Жыш өскөн нымдуу экватордук токой (гилей) үстөмдүк кылат; океан жээктеринде мангр токойлору кездешет. Жаныбарлар дүйнөсүнө да бай. Океандардын экватор алкагындагы суусунун үстүнкү катмары темп-расынын жогорулугу, туздуулуугунун төмөндөгү, планктонго байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Айрым географтар терминдин экинчи мааниси катары экватор алкагын тропик алкактарына кошот.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]