Эквилибристика

Википедия дан

Эквилибристика (лат. aequilibris - тең салмакта болуу) - цирк искусствосунун бир түрү.

Артисттин ар кандай абалда (мис., тартылган зымда, арканда, шар үстүндө ж. б.) тен салмактуулугун сактоо жөндөмү. Эквилибристика акробатика менен гимнастиканын бардык түрүнө кирет, айрым элементтерин жонглёрлор да пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4