Экзамен

Википедия дан

Экзамен (лат. examen - сыноо, салмактоо) - окуучулардын жана студенттердин билим деңгээлин текшерүүнүн бир формасы.

Экзамен биринчи жолу Кытайда, б. з. 2-кылымда, мамлекеттик чиновниктерди тандоо үчүн колдонулса, Европа окуу жайларында (о. кылымдарда) бакалавр менен магистр даражасын алгандарга сыноо максатында киргизилген. 19-кылымдан Экзамен системасы Европанын бардык өлкөлөрүндө колдонула баштаган. Ал эми Россиянын окуу жайларында Экзамен 18-кылымдан эки этапка (жайкы жана кышкы) бөлүнүп колдонула баштаган. Экзамен атайын даярдалган билеттер аркылуу жүргүзүлүп, билимди баалоонун беш баллдык системасы киргизилген. 1932-жылдан ЖОЖдордо ишке ашырыла баштаган. Ал эми 1944-ж. киргизилген мектептердеги класстан класска көчүрүү Экзамендери алынып салынып, 1957-жылдан орто мектептерде бүтүрүү Экзамендери калтырылган. Кыргызстанда Совет доорундагы Э-дик система сакталып, кийинки жылдарда тесттик сыноо кенири кулач жайды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4