Экзогамия

Википедия дан

Экзогамия (гр. ехо - сыртта, gamus - нике) - бир коомдук же этностук топтун ичинде никелешүүгө жана жыныстык мамилеге тыюу салуучу салт.

Экзогамиянын тарыхый баштапкы формасы алгачкы общиналык коомдо түзүлгөн ата же эне тарабынан аныкталуучу тике туугандардын ортосунда никелешүүгө тыюу салган уруктук экзогамия болгон.

Экзогамиянын пайда болушу тууралуу төмөндөгүдөй көз караштар бар:

  • 1) «алгачкы адамдардын» согушта пайдасыз катары кыздарды өлтүрүп салуу салты болгон. Ошондуктан кыздарды башка топтон издөөгө мажбур болушкан (Мак-

Леннан);

  • 2) жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамилелерден жийиркенгендик (Дарвин ж.б.);
  • 3) праобщинада аңчы-эркектер өз аялдарынан алыска кетет жана өз эркектеринен алыста калган аялдар менен кезигет, ошондон экзогамия салты пайда болот (Е.В.Бриффолт, Б.Ф.Поршнев);
  • 4) кишинин канынан, өзгөчө өз уругундагы йялдардын биринчи түндөгү жана менструациялык канынан коркуу (Э.Дюркгейм);
  • 5) өтө жакын туугандардын кандарынын аралашуусунун биологиялык кесепеттерин болтурбоо максаты (В.Морган);
  • 6) праобщинанын обочолонуусун жоюу үчүн башка праобщиналар менен чарбалык байланыш түзүүсү (А.И. Золотарев, С.А.Токарев);
  • 7) коллективдин ийгиликтүү чарба жүргүзүүсүнө, коомдун жашоосуна ургачыларды кызгануу, анын натыйжасында пайда болгон жаңжалдар тоскоолдук кылган, ошондуктан топтун ичинде жыныстык мамилелерди жөнгө салуу зарыл эле.

Ал бир топтун ичинде жыныстык мамилеге тыюу салуу менен чечилген (С.Л. Толстов, Ю.И. Семенов ж.б.). Аталган көз караштардын бирөө да толук кабыл алынган эмес. Ошентсе да, акыркы көз караштын жактоочулары көп. Жыныстык мамиленин сыртка которулушу башка топтор менен жаңжалды көбөйтмөк, ошондуктан бара-бара эки никелешүүчү топ - дуалдык уюм пайда болгон. Калктын көбөйүшү менен дагы жаңы топтор эки өзгөчө топторду түзүшкөн. Морган аларды фратрия деп атаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.