Экзофтальм

Википедия дан

Экзофтальм (гр. exophthalmos - тосток көз) - көз чарасынан көз алмасынын тостоюп алдын карай чыгып турушу.

Ага Базедов оорусу, мээнин шишиги жана травмасы, мээ кан тамырларынын тромбозу, көз чарасынын шишиги ж. б. себеп болот. Дарылоодо гормонрор, рентгентерапия жана хирург. жол колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4