Экинчилик шартта пайда болгон минералдар

Википедия дан

Экинчилик шартта пайда болгон минералдар - башталкы минералдын химиялык убөлөнуусүнөн же анын орун алмашуусунан пайда болгон минералдар.

Алар гипергенез процессинде пайда болгондуктан, жер кыртышынын үстүнкү зонасында кеңири таралган. Көбүнчө бир минералдын экинчи минералга айланышын чөйрө менен зат алмашуу жана бөлүнүп чыгуу процесстери коштойт. Мис., халькопириттин (CuFeS2) ковеллинге (Cu2SCuS), малахитке (Си2(С03)(0Н)2) жана атакамитке (CuCl2-3Cu(OH)2), талаа шпатынын каолинге айланышы ж. б. Кээде минералдын заттык курамы өзгөрбөстөн, ички кристаллдык структурасы гана өзгөрөт. Мис., куб системасындагы халькозин ромб системасына өтөт ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4