Эки кабатту Мун суу канаты

Википедия дан

Эки кабатту Мун суу канаты قنات دو طبقه مون[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мун суу канаты эки кабаттуу гидротехникалык система, анын ар бир кабатында бири бирине кошулбаган өз өзүнчө суу агат. Эки кабаттуу суу түтүгүнүн жападан жалгыз үлгүсү эки кабаттуу Мун суу түтүгү Ирандын Эрдестан аймагында жайгашкан. Бул таң калаарлык тарыхый эстелик дүйнөдөгү жалгыз эки кабаттуу суу түтүгү катары 2016-жылдын 16-июлунда Туркиянын Станбул шаарында өткөн жыйында Ирандын 20-тарыхый эстелиги катары дүйнөлүк каттоодон өткөн.

Орду жана өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул суу түтүк Исфаган облусундагы Эрдестан шаарынын Мун аймагынан орун алган. Эки кабаттуу Мун суу түтүгү 9023 номуру аркылуу 2003-жылы улуттук эстеликтер тизмегине катталган. Мун суу түтүгү эки кабаттуу гидротехникалык система, анын ар бир кабатында бири бирине кошулбаган суу агат. Аталган суу түтүгү 800 жыл мурун курулган жана дүйнөдөгү жападан жалгыз эки кабатуу суу түтүгү болуп саналат.

Суу түтүгүнүн архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки удаалаш канал бири биринин үстүнө жайгашкан жана тигинен орун алган булактардан түзүлгөн. Эки орундуу булак деп аталышынын себеби, аталган аймакта эки булак бири бирине жакын жайгашкан, алардын бирөөсү 27 метрди түзүп үстүнкү булака тиешелүү болсо, экинчиси 30 метрди түзүп алдынкы суу түтүгүнө тиешелүү. Эгер алдыңкы суу түтүгүнүн оозун бир метр деп эсептесек, негизги булактын тереңдиги 31 метрге жетет.

Суу түтүгүнүн мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдестан эки кабаттуу суу түтүгү байыркы доордогу инженердик илиминин иштеринин абдан бир кызык үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Аны казуу жана изилдөө иштеринде мыкты адистер чакырылып, аймактын климат шартын эске алуу менен аткарылган жана Эрдестанда эки кабаттуу Мун суу түтүгүнүн туристик расмий сайты ачылган. Бул суу түтүгү 3,5-4 км узундукту ээлейт, негизги булагынын тереңдиги 31 метрди түзөт, анын суу берүү өлчөмү секундасына 60 литр. Ал Эрдестандагы Мун аймагынын 200 дөн ашык тургунун таза суу менен камсыздайт.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суу түтүгүнүн алгачкы тешиктери Эрдестан шаарынын түштүк тарабында казылган жана болжол менен түндүк батыш тарапты көздөй уланат, суу түтүгүнүн эне булагы болуп эки орундуу булак саналат, ал Имамзаде Исмаилдин жанында орун алган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин күнгө чейин сакталган тарыхый жазууларга таянсак, бул суу түтүгү Ислам дооруна чейин, өзгөчө Кианиддер, Парфяндар, Сасаниддер доорунда курулган, алар анын курулушун эки түрдө баяндашат:

  • Ооз эки маалыматтарга ылайык, анын куруучусу Эрдестанда туулуп өскөн темир уста Каве болгон.
  • Башка маалыматтарга ылайык, анын куруучусу катары Макни Яздини билишет, ал аны эки жолу курган, алгачкы жолкусунда аймака суу түтүгүн куруу сунушун элге тапшырган, ал эми экинчи ирет суу түтүгү эл тарабынан туура эмес казылгандыгы үчүн, суу түтүгүнөн суу алуу аңгайлуу болуш үчүн жумушту өз колуна алган, ошентип булактын эки тешиги пайда болгон.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иран улуттук эстеликтер тизмеги
  • Маданий, кол өнөрчүлүк жана туристик мурастар уюму

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Иран архитектуралык тарыхынын энциклопедиясы». Иран маданий жана туристик мурастар уюму
  • «Иранга сапар»
  • «Дүйнөдөгү жападан жалгыз 800 жылдык тарыхы бар Эрдестан шаарындагы эки кабаттуу суу түтүгүнүн сайтын ишке киргизүү» Эсфахан борбордук телерадио каналы
  • Бани Таба. Суу түтүгү, эрдестан шаарындагы эки кабаттуу Мун суу түтүгү
  • «Эрдестан шаарындагы эки кабаттуу суу түтүгүнүн сайтын ишке киргизүү». Борбордук инфорагентство

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бани Таба. Суу түтүгү, Эрдестан шаарындагы эки кабаттуу Мун суу түтүгү


География, маданият