Эки чыны суу

Википедия дан

Эки чыны суу Илгери-илгери байлыгы менен бүт дүйнөгө таанылган бир өкүмдар жашаптыр. Ал кайсы жерге барбасын казынасынын бир бөлүгүн ала барып көрсөтүүдөн ырахат алып, сыймыктанчу экен. Өкүмдардын жападан-жалгыз ишенген вазири акылман адам болуптур. Күндөрдүн биринде өкүмдар вазирине мындай дейт: - Атагың алыска угулган акылман адамсың. Адамдар өкүмдардын дени сак, күчтүү, ал эми аскерлердин ден соолукта, намыскөй болуусун каалайт. Ошондо алар алдыңа тизелеп, оозуңдан чыкчу сөздү күтөт. Азыр, акылманым, сенин пикириңе кызыгып жатам. Айткын, менин өкүмдарлыгым жана байлыгым жөнүндө кандай ойдосуң? Акылман вазир суроого жооп иретинде өкүмдардын көзүнө тик карап минтип айтат: Айталы, өкүмдарым, сиз ысык жана уч-кыйырсыз чөлдөсүз. Тирүү калышыңыз үчүн сизге берилчү бир чыны сууга байлыгыңыздын жарымын берет белеңиз? Бермекмин, албетте. Бир аз убакыт өттү дейли, сиздин чаңкооңуз дагы да артты. Сизге берилчү кийинки чыны суу үчүн байлыгыңыздын калган бөлүгүн берет белеңиз? Өкүмдар бир саамга ойлоно калып: Ооба, тирүү калыш үчүнбермекмин, - дейт. Бул жоопту уккан соң акылман вазир жылмайып мындай дейт: Андай болсо, ашыкча мактанбаңыз. Анткени, улуу урматтуум, сиздин байлыгыңыз – болгону эки чыны суу.