Эки үлүштүү өсүмдүктөр

Википедия дан
Sassafras albidum.

Эки үлүштүү өсүмдүктөр (лат. Dicotyledones же Magnoliopsida) - жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн түйүлдүгүндө эки урук үлүшү болгон классы.

Алардын жалбырагы торчо тарамыштуу, гүлү 4-5 мүчөлүү, өткөргүч боочолорундагы флоэма менен ксилеманын ортосунда камбий болот.

Эки үлүштүү өсүмдүктөр гүлдүү өсүмдүктөрдүн эн чоң классы; 350дөн ашык тукуму, 10 миндей уруу жана 180 миңден ашык түрү бар. Бир үлүштүү өсүмдүктөргө караганда 3 эсе көп, КМШ өлкөлөрүндө 5000дей, Кыргызстанда З00дөн ашык түрү өсөт. Чөп, бадал, дарак өсүмдүктөр. Бардык континентте таралган. Жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн маанилүүсү. Алардын тамак-аш (картошка, кызылча, буурчак, жүзүм, алма ж. б.), май (жер жаңгак, күн карама), була (гозо, зыгыр), дары, боёк, эфир майы ж. б. алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4