Экологиялык укук (жаратылыш байлыктар укугу, жаратылыш коргоо укугу)

Википедия дан

Экологиялык укук (жаратылыш байлыктар укугу, жаратылыш коргоо укугу) – жаратылыш байлыктарын коргоо жана өнүмдүү пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысын билдире турган КР укук тармагы. Э. у. курамына административдик, каржы, кылмыш-жаза, жарандык, жер ж. б. укук тармактары кирет. Э. у. өзалдынча тармак катары жакындан тартып гана, т. а. 1980-жылдардын аягынан, 1990-жылдардын башынан тартып карала баштады. Тийешелүү илим тармагы менен окуу сабагы да Э. у. аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]