Экономикадагы өткөөл мезгил

Википедия дан

Экономикадагы өткөөл мезгил - өлкөнүн экономикасынын мурун өкүм сүргөн абалынан бөлөк бир абалга өтүү мезгили, бул процессте коомдун бардык социалдык-экономикалык системасында радикалдык өзгөрүүлөр жүрүп, менчикке карата мамилелер, башкаруу институттары менен анын аткаруучу инструменттери, экономикалык өнүгүүнүн максаттары жана каражаттары трансформацияланат.

Экономикадагы өткөөл мезгил КРде өткөн советтик доордон калган экономиканын борбордук башкаруу системаcынан рыноктук экономикага өтүү мезгилине туш болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4