Экономикалык анализ

Википедия дан

Экономикалык анализ - 1) башкаруу системасынын негизги фунцияларынын бири, процесстер менен кубулуштарды илимий изилдөө методу; анын негизинде системанын курамдык бөлүгүн жана элементтерин окуп үйрөнүү маселеси турат. Экономикада анализ экономикалык жана социадык процесстердин маңызын, закон ченемдүүлүктөрүн, тенденцияларын жана баардык деңгээлдеги чарба жүргүзүү (өлкөдө, региондо, ишканада, жеке бизнесте жана үй-бүлөдө) ишмердүүлүгүн ачуу максатында колдонулат. Анализ экономикалык объектерди жана андагы процесстерди так прогноздоо жана пландоо үчүн кызмат кылат. Экономикалык анализ башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык саясатка таянган илимий көз караштагы чечимдери иш жүзүндө мыкты варианттарды тандоого түрткү берет. Ретросдекдик анализ өткөндө калыптанган тенденцияларды үйрөнүүгө багытталган. Периспекдик анализ келечекти үйрөнүүгө багытталган;

2) экономикалык ишмердиктеги тийиштүү факторлордон экономикалык закон ченемдүүлүктөрдү табуу; болуп жаткан экономикалык процесстерди себептерине жана таасир берчү факторлоруна жараша изилдөө; экономикалык процесстер менен кубулуштарды составдык бөлүктөргө жана элементтерге бөлүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4