Экономикалык киреше

Википедия дан

Экономикалык же таза киреше - бул бир күндө же айда түшкөн жалпы кирешеден бардык чыгымдарды, анын ичинде эмгек акыга түз жана кыйыр төлөнгөн каражатты, банктан алынган кредит үчүн төлөмдөрдү, электр энергиясы, суу, чийки зат, күйүүчү майларга, өндүрүштүк имараттар менен жабдууларды иштетүүгө жана тейлөөгө кеткен каражаттарды, ошондой эле кожоюндун эмгек акысын алып салгандан кийин калган киреше (пайда).