Экситон
Экситон – кристалл боюнча көчүүчү, бирок электр заряды анын массасынын которулушуна байланышпаган диэлектрик же жарым өткөргүч кристаллында электрондук дүүлүгүүгө дал келүүчү квазибөлүкчө.
Экситон жөнүндөгү көзкарашты 1931-ж. Я.И.Френкель киргизген. Молекулалык кристаллдардагы Экситон айрым молекулалардын электрондук системасынын дүүлүгүүсү. Молекулар аралык өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында ал толкун түрүндө кристалл боюнча тарайт. Ванье–Мотт Экситону өткөрүмдүүлүгү жана көңдөйчөлөрү жарым өткөргүч-төгү электрондун суутек сымабы байланышкан абалын элестетет. Бир аз концентрацияда Экситон өзүн кристаллда газга окшош алып жүрөт. Концентрациясы чоң болгондо алардын өз ара аракеттешүүсү маанилүү болуп, эки Экситондун – Экситон молекулаларынын (биэкситонду) абалын байланыштырат. Кандайдыр бир критикалык концентрацияга жеткенде жарым өткөргүчтө Экситон газы «суюлат», металлдык касиетке ээ болгон салыштырмалуу тыгыз электрон-көңдөйчөлүү фазалар пайда болот. Мында бөлүкчөлөр арасындагы аралык Экситондун радиусундай. Электрон-көңдөйчөлүү тамчылар өтө тактыкка, бир тектүү эмес талаада зор кыймылдуулукка ээ. Экситон эки фениондон турат, аны бозон катары кароого болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0