Экспонометр

Википедия дан

Экспонометр (лат. ехропо - коём, көрсөтөм жана ...жетр), экспозиметр - фотосүрөткө, кино тартууда же фотокөчүрүүдө экспозицияны тактоо максатында объективдин диафрагмасынын өлчөмүн жана анын ачык убакытын аныктоочу түзүлүш.

Экспонометр оптикалык, фотоэлектрдик жана таблидалык (калькулятор) болуп бөлүнөт. Тартылуучу объектинин жарыктанышын жана жаркырактыгын өлчөөгө негизделген фотоэлектрдик Экспонометрлер көп тараган. Азыркы учурда Экспонометр көпчүлүк фото-киноаппараттардын өзүнө орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4