Экспрессионизм

Википедия дан

Экспрессионизм (французча  expressionisme, латынча expressio – билдирүү, сүрөттөө, айтуу) – Америка жана Батыш Европа көркөм искусствосундагы реакциячыл формалисттик агымдардын бири. Э. Германияда 1905-ж. пайда болгон («Көпүрө» тобу) жана биринчи дүйнөлүк согуштан кийин гана инфляция менен кризис учурунда өзгөчө өнүгө алды. Э. реалдуу турмуштан кол үзгөн, натураны көрксүз кылып бузган, примитивди жана башкаларды жайылткан. Экспрессионисттер дүйнөнү реалдуу сүрөттөөгө жеке психиканын караңгы жактарынын сандырактаган «түшүндүрмөсүн» каршы коюшкан. Ар кандай психологиялык мистика, истерия, туталанма, жарылчудай болгон абал Э-дин көз карашында ички дүйнөнүн эң маанилүү абалы катары көрсөтүлгөн. Мунун баары германдык «түндүк» расанын фашисттик мистикасы менен чырмалыша оролушуп кеткен. Кирхнер, Марк, Кампедонк, Кокошка, Клее, Пехштейн жана башка көрүнүктүү экспрессионисттерден болушкан. Азыркы мезгилде Э-дин борбору – Америкада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]