Экстерьер

Википедия дан

Экстерьер (лат. exterior - тышкы) - малдын тышкы келбети. «Экстерьер» терминин 1769-ж. француз окумуштуусу К. Буржела киргизген.

Малдын тышкы турпаты менен ички органдарынын ортосундагы байланышты, ошондой эле ар кыл породадагы Экстерьердик айырмачылыкты аныктоодо П. Н. Кулешов, Е. А. Богданов, М. И. Придорогин ж. б. салым кошушкан. Уйдун сүттүүлүгү же жылкынын күлүктүгү Экстерьердин айрым элементтери менен гана аныкталбастан, тышкы байкоонун, жөнөкөй ченөөлөрдүн негизинде ички органдардын өнүгүшү, конституциялык чымырлыгы, ден соолугу, кунардуулук багытына дене түзүлүшүнүн шайкештиги жөнүндөгү маалымат да такталат. Мисалы, эт багытындагы малдын Экстерьери ленеси параллелепипедге окшошуп, буту кыска, башы кичине, мойну мукур, бели туз, чаты кенен, эткел, териси жука, жүнү жылтыр болот. Көз болжол жана так ченөө - малды Экстерьер боюнча баалоодогу негизги ыкмалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.