Экстраверттүү

Википедия дан

Экстраверттүү (лат. extra – тышка ж-а verto – бурамын, кайрыймын) – тышкы багытталган; К. Г. Юнгдан башталган психологиянын түшүнүгү.

Ал инсандын Экстраверттүү ж-а интроверттүү типтерин бөлүп көрсөткөн; алардын биринчиси ой жүгүртүүдө ж-а жүрүм-турумда тышкы таасирлерге ачык болсо, экинчилери «ичине үңүлүп» түнт келет, курчаган дүйнөдөн оолак турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8