Мазмунга өтүү

Экстрадиция

Википедия дан

Экстрадиция (лат. extraditio) — кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн адамды бир мамлекеттин экинчи мамлекетке өткөрүп берүүсү.

Азыркы конституцияларда жана мыйзамдарда, эреже катары, өз жарандарын чет мамлекетке өткөрүп берүүгө сөзсүз тыюу салынган (анын ичинде КРде да). Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өткөрүп берүүгө, адатта, тийиштүү мамлекеттерди байланыштырып турган эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн учурларда гана жол берилет. Эл аралык укуктун жалпыга таанымал принциптерине ылайык, өткөрүлүп берилүүчү адамды өлүм жазасы же кыйноо күтүп турган мамлекетке экстрадиция кылууга жол берилбейт.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7