Элайжа Вуд

Википедия дан

Элайжа Жордан Вуд (англ. Elijah Wood;1981-жылы 28-мартта туулган) - америкалык актер, үн коштоочу актер, ди-жей, жана продюсер. Ал "Келечекке кайтуу" (англ. Future Part II, 1989) тасмасында эпизоддук ролду ойноп, актердук чыгармачылыгы башталган. Тогуз жашына чейин бир нече тасмаларда роль жаратып, коомчулуктун кызыгуусун ойготкон жана "Young Artist Awards" сыйлыгына бир нече ирет талапкер болгон. Бала кезинде,"Учуучу радио" (англ. Radio Flyer, 1992), "Жакшы уул" (англ. The Good Son, 1993), "Норт" (англ. North, 1994), жана "Дельфин Флиппер" (англ. Flipper, 1996) тасмаларында роль аткарган.

Анын өспүрүм кезиндеги ролдору "Суук шамал" (англ. The Ice Storm, 1997), "Чексиз таасир" (англ. Deep Impact, 1998) жана "Факультет" (англ. The Faculty, 1998) тасмаларине таандык. Актер Питер Джексон тарткан "Шакектер ээси" ( The Lord of the Rings, 2001–2003) эпикалык драмасындагы Фродо Бэггинстин ролу менен жакшы таанылган. Андан кийин Э. Вуд "Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004), "Күнөө шаары" (англ. Sin City, 2005), "Жашыл көчө" (англ. Green Street, 2005), жана "Айлана жарык" (англ. Everything Is Illuminated, 2005) жана "Бобби" (англ. Bobby, 2006) тасмаларында ойногон.

2011-2014-жылдарда актер "кара юмордуу" "Уилфред" тасмасында Райан Нүмандын ролун аткарган. 2016-жылдын күз айларынын акырынан тарта Э. Вуд "Дирк Жентлинин детективдик агенствосу" (англ. Dirk Gently's Holistic Detective Agency) деген америкалык фантастикалык телесериалда ойной баштаган. Сериал BBC America жана Netflix компаниялары тарабынан тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]