Элдик бий

Википедия дан

Элдик бий - элдик театр оюнунун байыркы түрлөрүнүн бири.

Адегенде үрп-адат оюндарында (шри ланкалыктарда от бийи, норвегдерде шам бийи ж. б.), кийин тиричилик мүнөздө (мергенчилик, мал күзөтүү ж. б.) болот. Бий аркылуу көбүнчө жаныбарлардын кыймыл-аракети (мис., якуттар аюуну, памирдиктер бүркүттү, орустар турнаны туурашкан) берилген. Эмгек (латыштар орокчуларды, эстондор өтүкчүлөрдү, өзбектер жибекчилерди, пахтакерлерди) туурасында дабийлер пайда болгон. Элдик бийде сүйүү темасы негизги орунга өтөт (грузиндерде картули, орустарда кадриль, поляктарда мазурка ж. б.).

СССРде элдик бийдин өнүгүшү 1936-ж. СССР эл бийлеринин ансамблин,кийин ар бир республикаларда ыр жана бий ансамблдерин уюштуруута өбөлгө түздү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.