Элдик демократия

Википедия дан

Элдик демократия, коомдун саясий түзүлүш формасы. 20-кылымдын 40-жылдарында элдик демократиялык революциянын натыйжасында бир катар өлкөлөрдө пайда болгон. Элдик демократиянын өнүгүшү элдердин улуттук-боштондук кыймылы менен байланыштуу. Элдик демократия кыймылы революциялык демократиялык кыймыл катары пайда болуп, таптык мүнөзү боюнча демократиялык өсүш мезгилиндеги бийликтин жаңы түрү болгон. Элдик демократиянын өзүнө таандык айырмалуу белгиси – граждандардын кандай топ же таптын, партиянын катарына киргенине карабастан барына тең, бүткүл жалпы шайлоо укугунун сакталышы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9