Элдик музыка

Википедия дан

Элдик музыка, музыкалык фольклор - элдик вокалдык, аспаптык, вокалдык-аспаптык жана бий көркөм өнөрү.

Элдик музыка элдик көркөм өнөрдүн оозеки түрдө жашаган жана муундан муунга калтырылуучу руханий дүйнөсүнүн ажыратылгыс бөлүгү. Элдик музыканын туруктуу салттуулугу анын эң негизги аныктоочу белгиси. Элдик музыка элдик үрп-адатты, ырым-жырымды, эмгек кыймылдарын коштоосу жана аны менен тыгыз биримдиги аркылуу мүнөздөлөт. Коомдун адистиктерге бөлүнүү учурунда Элдик музыканы аткаруучулар да түрдүү кесиптерге(мис., акын, бахшы, гусляр, кобзарь, комузчу ж. б.) бөлүнүп чыгышкан.

Элдик музыка маданиятын негизинен экиге бөлүүгө болот. Алар көп үндүүлүктү колдонгон (мис., орус, грузин) жана жалгыз обондун негизинде өнүккөн(мис., кыргыз, өзбек маданияттары).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.