Мазмунга өтүү

Элдик театр

Википедия дан

Элдик театр - элдик үрп-адат, оюн-зоок элементтери театрлаштырылып көрсөтүлгөн оозеки чыгармачылыктын бир түрү.

Тарыхый өнүгүш процессинде элдик театрдагы драмалык кыймыл-аракетте чыгармачылык мамиле күч алып, турмуштук көрүнүштөрдү туурап.. ойноо (мис., орустун «Пахомушка» комедия оюну ж. б.) бара бара сахналык мүнөз алган. Дүйнөлүк элдик театр актёрлор театры жана куурчак театры деп экиге бөлүнөт. Элдик театр кеңири мааниде алганда профессионал эмес, бирок бардык элде өз адистери болгон: Байыркы Римде мим, Батыш Европада шпильман, жонглёр, орустарда скоморохтор ж. б. Элдик театрдын мүнөздүү өзгөчөлүгү - кийим-кече, кыймыл-аракет шарттуу, оюндун жүрүшүндө актёрлор көрөрмандар менен түздөн түз маектешкен, кээде эл кошулуп ырдаган. Адатта, элдик театрда сахна да, жасалга да болгон эмес. Элдик театр өнөрпоздорунун көркөмдүк жана аткаруучулук өзгөчө ыгы профессионал театр ишмерлерин кызыктырып, алар тарабынан пайдаланылган (мис., У. Шекспир, Ж.Мольер, К. Гольдони, A. Н. Остро-вский ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.