Электриктер
Электриктер – сырткы аракетти токтоткондон кийин поляризацияланган абалын узакка сактоочу диэлектриктер.
Эгерде молекулалары диполдук моментке ээ болгон заттарды эритип, күчтүү электр талаасына жайгаштырса, анын молекулалары жекече талаа боюнча тизилишет. Электр талаасында эритиндини муздатса жана андан кийин катууланган затта талааны өчүрсө, молекуланын айланышы кыйындайт жана багытын узак убакка чейин сактайт. Ушундай ыкма менен биринчи Электриктерди 1922-ж. Ёгучи даярдаган. Калдыктуу поляризацияны квазидиполь деп аталган талаадагы багытталуунун эсебинен кристаллдык заттан да алууга болот. Туруктуу Э. аморфтуу мом менен чайырдан (аары мому, парафин ж. б.), полимерлерден, органикалык эмес көп кристаллдуу диэлектриктерден, монокристаллдуу органикалык эмес диэлектриктерден, айнектерден жана ситаллдардан алынат. Аларды ысытып, андан кийин күчтүү электр талаасында муздатат, күчтүү электр талаасында жарыктандырат, радиоактивдүү нурда нурландырат, ысытпай күчтүү электр талаада поляризациялайт, электр талаасында органикалык эритмеде суутат, полимерлерди механикалык деформациялайт, таажы разряд талаасы менен аракеттендирет. Бардык Электриктердин беттик заряды туруктуу. Электриктер туруктуу электр талаасынын булагы, о. эле электрдик эске тутуунун дозиме-трия түзүлүштөрүндө сезгич, билдиргич катары колдонулат. Фотоэлектреттер электр-фотографияда пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0