Электролиз

Википедия дан

Электролиз – эритмелер аркылуу электр тогу өткөндө электроддо жүргөн окистенүү жана калыбына келүүчү процесстер. Оң электрод электронду берүү менен окистенүү реакциясы, ал эми терс электрод электронду кошуп алуу менен калыбына келүү реакциясы жүрөт. Э. пайда болгон заттар саны жана ток күчү Фарадей закондору менен аныкталат. Э. процесси металлургия, химия өнөр жайда жана гальванотехникада кеңири колдонулат. Э. электролизердо, электролиттик ванналарда жүргүзүлөт.