Электролиттер

Википедия дан

Электролиттер техникада (электро... жана гр. lytos - ажыроочу, эруучу) - оң жана терс заряддалган иондордун кыймылынын натыйжасында электр тогу пайда болуп, электролиз жөнүндөгү Фарадейдин закондоруна ылайык химиялык өзгөрүүлөр болуучу химиялык заттар жана системалар.

Электролиттер биринчи түрдөгү өткөргүчтөрдөн (металлдар жана анын куймаларынан) айырмаланын, экинчи түрдөгү өткөргүчтөр деп аталат. Электролиттик касиетке туздардын, кислоталардын, негиздердин суудагы ж. б. эриткичтердеги эритмелери, кээ бир катуу жана эритилген туздар, кычкылдар, ошондой эле суюктуктар (суу, этил спирти, пиридин ж. б.) ээ болушат. Электролиттердеги электр тогун ташыгычтар - андагы кыймылдуу иондор. Электролиттер электр-химияда чоңроль ойнойт; илимде жана техникада өтө маанилүү. Электролиттер -электр-химия өндүрүшүндө химиялык синтез жана процесстерди жүргүзүүчү чөйрө.

Электролиттик диссоциация даражасына карата Электролиттер күчтүү жана начар Электролиттер болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.