Мазмунга өтүү

Электролиттик диссоциация теориясы

Википедия дан

Электролиттик диссоциация теориясы — эриген зат иондорго ажыроо закон ченемдүүлүгүн окуткан теория. Аррениус өзүнүн жана башка окумуштуулар тажрыйбалык маалыматтарын жыйынтыктап келип, электролиттик диссоциациянын классикалык теориясын (1883-87-ж.) сунуш кылган. Анын негизги жоболору: 1. Электролиттер мол-ларын эриткичте эриткенде карама-каршы заряддалган иондорго ажырайт; 2. Мол-лар бардыгы тең эле диссоциациялана бербейт. Мол-лар диссоциацияга ажыраган бөлүгү a (диссоциация даражасы). ал эми 1-a ажырабаган бөлүгү десек, бир мол. ажыраганда v ион пайда болсо, анда диссоциациянын негизинде бөлүкчөлөр жалпы молярдык концентрациясы i = [1+2(v-1)] эсе көбөйөт; 1 — Вант-Гофф изотоникалык коэффициентине физ. чо ңдугу боюнча теңдеш; 3. Электролиттик диссоциация процессине AmBn mA++ nB- массалар таасир этүү закону колдонулат: К = С С /САmВn, - электролиттик диссоциация туруктуулугу. Э. д. т. маңызы электролиттер иондорго ажырашы токтун таасирисиз эле, электролит зат сууда эригенде эриткич мол-ларынын таасири менен иондошкондугун көрсөткөндүгүндө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]