Электрондук ачкыч

Википедия дан

Электрондук ачкыч -

  • 1) программалык камсыздоону жана маалыматтарды көчүрүүдөн, мыйзамсыз пайдалануудан жана санкциясыз жайылтуудан коргоочу аппараттык каражат.
  • 2) эки абалда - электр тогун тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн толук ачык же толук жабык абалда пайдалануу үчүн арналган электрондук коммутациялоочу элемент, жарым өткөргүчтүү же электр вакуумдук прибор.
  • 3) эсине аутентификациялык маалымат жазылып, ушул маалыматты кандайдыр бир идентификациялоочу аутентификациялык түзүлүш аркылуу окуу мүмкүндүгү болгон электрондук түзүлүш.
  • 4) магниттик карточка, аралыктан иштөөчү тиймексиз түзүлүш же электрдик тиймеги бар түзүлүш түрүндө жаеалган электрондук кулпулуу эшикти ачуу үчүн колдонулуучу портативдүү түзүлүш.
  • 5) морзе кодунун берүүсүн автоматтык түзүү үчүн электрондук түзүлүштүү телеграф ачкычы.
  • 6) ЭСКнын Электрондук ачкычы - электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) үчүн колдонулуучу символдук ачкыч.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4