Электрондук призма

Википедия дан

Электрондук призма – заряддуу бөлүкчөлөрдүн шооласын кыйшайтуучу, же аларды энергиясы жана массасы боюнча бөлүүчү электрондук-оптикалык система.

Электрондук призма заряддуу бөлүкчөлөрдүн (электрон, ион) оптикасы менен жарык оптикасынын окшоштугунан келип чыккан. Электрондук призмада заряддуу бөлүкчөлөр кыйшайып багытын өзгөрткөндөн кийин дагы бири бирине параллель таралышат. Электрондук призма бета-спектрометрде жана масса-спектрометрде бөлүкчөлөрдү энергиялары жана массалары боюнча ажыратып бөлүү үчүн колдонулат.

Арцимович Л.А.,Лукьянов С.Ю. Движение заряженных частиц в электрических и магнитных полях. – М.: 1978.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]