Электр-динамикалык өлчөгүч механизм

Википедия дан

Электр-динамикалык өлчөгүч механизм – токтун эки контурунун өз ара аракеттешүүсүнө негизделген механикалык которулушундагы электр тогунун күчүн өзгөрткүч.

Кыймылсыз (1) жана кыймылдуу (2) чыгырык аркылуу ток өткөндө алардын айланасында магнит талаасы пайда болот. Бул талаалар айландыруучу моментти түзөт. Карама-каршы айландыруучу момент спираль пружиналардын жардамы менен түзүлөт. Бул эки моменттин чоңдуктары бирдей болгондо (2) чыгырык бурулуусун токтотот жана аны менен байланышкан (4) жебе кубаттуулукту көрсөтөт. Мында (3) чыгырыктын айлануу огу. Тышкы магнит талаасы өлчөөлөргө таасирин тийгизбегендей курал металл экран менен капталат. Электр-динамикалык өлчөгүч механизм негизинен кубаттуулукту өлчөй турган ваттметрлерде болот. Өлчөөнүн жогорку чегинде салыштырма негизги каталыгы 0,1%ке жетет. Бул механизмдин бир түрү – ферродинамикалык өлчөөчү механизм. Андан кыймылсыз чыгырыктын магнит талаасын күчөтүү үчүн магнит өткөргүчтөр пайдаланылат. Электр-динамикалык өлчөгүч механизм амперметр, вольтметр, ваттметр катарында өзгөрмө токтун чынжырларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]