Электр-люминесценция

Википедия дан

Электр-люминесценция – электр талаасы дүүлүктүрүүчү люминесценция. Газдарда жана катуу заттарда байкалат.

Электр-люминесценцияда заттын атомдору (молекулалары) кандайдыр бир формадагы электр разрядынын пайда болушу менен дүүлүккөн абалга өтөт. Газдардын Электр-люминесценциясы – газ разрядынын жарыктанышы – газ разряддуу түтүктөрдө колдонулат. Катуу нерселердин Электр-люминесценциясы индикатордук түзүлүштөр (электр-люминесценциялык белги индикаторлору, мнемосхемалар ж.б.) үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]