Электр-магниттик өчүргүч

Википедия дан

Электр-магниттик өчүргүч - иштин нормадагы жана аргасыз режиминде ток жүрүп турган жогорку вольттуу тизмекти өчүргүч; башка системалардын өчүргүчтөрүнөн айырмаланып, тизмекти өчүрүү процессинде өчүргүчтүн ажыраган тиймектеринин (контакттарынын) ортосунда пайда болгон электр жаасын өчүрүү түздөн түз аба чөйрөсүндө жааны өчүрүүчү түзүлүштө электр магниттик үйлөө менен ишке ашырылат.

Жаа оромдорунда өчүрүлүүчү ток болгон электр магнит менен түзүлүүчү кубаттуу магнит талаасы аркылуу жаа өчүрүүчү түзүлүштүн камерасына тартылат. Электр магниттин оромдору түзүлүүчү магнит талаасы жааны жаа өчүрүүчү камерага (камераларга) тартуучу уюлдуулукка ээ болот, мында жаа чоюлат жана муздайт, анын каршылыгы кескин көбөйөт жана ал өчөт. Жаа өчүрүүчү камералар жогорку диэлектрдик бекемдикке, жылуулук өткөргүчтүккө жана жылуулук сыйымдуулукка ээ болгон ысыкка чыдамдуу материалдан жасалат. Иштин ишенимдүүлүгүн жо горулатуу үчүн өзгөрмө токтун Электр-магниттик өчүргүчтө адатта аба үйлөтүүсү каралат, ал жаанын камерага киришин тездетет. Электр-магниттик өчүргүч адатта 6-10 кВ чыңалууга эсептелген тарамдарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4