Электр-механикалык осциллограф

Википедия дан

Электр-механикалык осциллограф – сезгич элементи болуп гальванометр эсептелген, өзгөрмө электр тогун, чыңалууну жана кубаттуулукту каттоочу курал.

Электр-механикалык осциллографтар менен электрдик эмес чоңдуктарды электр сигналына өзгөртүп каттоодо да колдонулат. Кеңири таралган жарык шооласын пайдалануучу Электр-механикалык осциллограф төмөнкүдөй негизги бөлүктөрдөн турат: күзгүлүү гальванометр, оптикалык система, тасма тартуучу механизм, каттоочу сигналдарды байкоочу түзүлүш, убакытты белгилөөчү курал. Булактан чыккан жарык шооласы оптикалык системалар аркылуу гальванометрдин кыймылдуу бөлүгү менен байланышкан күзгүгө түшөт. Чагылган шооланын бир бөлүгү чогултуучу системага (айлануучу күзгүлүү барабан) түшүп, андан кийин көз менен көрүүчү тунук эмес айнекке фокусталат. Шооланын экинчи бөлүгү фокустоочу түзүлүш аркылуу бир калыптагы кыймылдаган жарык сезгич тасмага түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]