Электр-статикалык индукция

Википедия дан

Электр-статикалык индукция – турактуу электр талаасына жайгаштырылган өткөргүчтөрдө жана диэлектриктерде электр зарядын пайда кылуу.

Сырткы талаанын таасири менен өткөргүчтөгү бош электрондор анын карама-каршы беттерине карай которулушат. Бул заряддардын өткөр-гүчтүн ичинде түзгөн электр талаасы сырткы талаага карама-каршы багытталгандыктан ага теңелгенде заряддардын которулушу токтолот. Өткөр-гүчтүн ичиндеги жалпы талаа нөлгө барабар болуп калат. Ошентип, өткөр-гүчтүн беттеринде карама-каршы белгидеги заряддар пайда болот (индукцияланат).

Диэлектриктер турактуу электр талаасында поляризацияланышат: атомдордогу (молекулалардагы) терс заряддар бир багытка, оң заряддар карама-каршы багытка жылышат да электр диполдорун пайда кылышат же болбосо диэлектриктеги диполь молекулалар талаага карата багытталышат (бурулушат). Эки учурда тең диэлектриктин электрдик диполдук моменти түзүлөт да диэлектриктин бетинде заряд пайда болот. Демек, поляризацияланган диэлектрик сырткы талаага каршы багытталган ички электр талаасын пайда кылат жана ал талаа сырткы талааны начарлатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]