Электр-техника материалдары

Википедия дан

Электр-техника материалдары - электр-техникалык аппараттарда, машиналарда жана курулмаларда пайдаланылуучу материалдар.

Алар бир нече топко (электр өткөрбөс, электр өткөргүч, жарым өткөргүч, магниттик материалдарга) бөлүнөт. Электр өткөргүч материалдар электр тогун жакшы өткөрүшү, электр өткөрбөс материалдар электр тогунун өтүшүн чектеп турушу, магниттик материалдар магнит агымын топтоп өткөрүшү зарыл. Электр-техника материалдарына өзгөчө касиеттүү жарым өткөргүч магниттик материалдар (ферриттер), сегнетоэлектриктер, пьезоэлектриктер, фотоэлектриктер ж. б. кирет. Электр-техника материалдарынын касиеттерин, электр талаасындагы физикалык процесстерди изилдөө-электр материал таануу илиминин бир бөлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.